Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 21-февралы № 95-т
"2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2022-жылдын 20-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну "Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо" 2-компонентин ишке ашыруу бөлүгүндө ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 102-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча андан ары пайдалануу үчүн "Баткен облусунда "Региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору боюнча кайтарылуучу каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен эсеп ачсын.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген "Баткен облусунун өндүрүүчүлөрү үчүн айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит жана грант" долбоорунда:
- "Товардык кредит" 1-главасында:
экинчи - төртүнчү саптар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Кредит берүүнүн өлчөмү | 1. Төмөнкү өлчөмдөрдү белгилөө: - бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө - 2000000 (эки миллион) сомго чейин; - айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн - 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин; - тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн - 35000000 (отуз беш миллион) сомго чейин. 2. Ошол эле учурда 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100000000 (бир жүз миллион) сомдон ашпоого тийиш. 3. Кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жана оперативдүү башкарууну жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Долбоордук сунуштардын үзүрлүү өнөктөштүк комитетине өздөштүрүлбөгөн каражаттарды кошумча нарк чынжырчаларынын ортосунда кайра бөлүштүрүү ыйгарым укугу берилген |
Категориялардын мүнөздөмөсү | 1) жеке айыл чарба өндүрүүчүсү/айыл чарба чөйрөсүндөгү жеке ишкер; 2) фермердик чарбалар; 3) айыл чарба кооперативдери; 4) үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары; 5) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары; 6) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан агро-соода-логистикалык борборлор; 7) ишкердик ишти каттоо формасына карабастан айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөр |
Долбоорго катышуунун шарттары | 1. Кошумча нарк чынжырчасына (үзүрлүү өнөктөштүк) катышуу. 2. Кошумча нарк чынжырчасынын ичиндеги өнөктөштөрдүн ортосунда Үзүрлүү өнөктөштүк жөнүндө келишимдин (контракттын) болушу. 3. Айыл чарба продукциясын өнүктүрүүгө товардык кредит алуучулардын категориялары үчүн төмөнкүлөр милдеттүү шарттар болуп саналат: - айыл чарба продукциясын өстүрүү, көбөйтүү, кайра иштетүү, жеткирүү үчүн жер участокторунун болушу (менчикте же ижара шартында); - Кыргыз Республикасынын резиденти болуу; - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддо талаптагыдай каттоодон өтүүсү; - зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттери боюнча карызынын жоктугу; - зайымчынын салыктарды, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана бюджетке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугу; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 "Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду ишке ашыруучу субъект болуу |
";
алтынчы сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Субсидиялоонун шарттары | Долбоордун каражаттарынын эсебинен товардын наркынын 25%ы төмөнкү максаттарга: - айыл чарба, ирригация, сугаруу жана атайын техникаларын, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, айыл чарба продукциясын сорттоо, кайра иштетүү жана таңгактоо жабдууларын сатып алууга, ошондой эле курулуш материалдарын, соода-логистикалык борборлорду, кайра иштетүү ишканаларын куруу үчүн зарыл болгон курулуш материалдарын, жабдууларды сатып алууга; - жамгырлатып-тамчылатуу системасынын инфраструктурасын орнотууга; - жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана вируссуз негизде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарын сатып алууга |
";
- "Гранттык негизде" 2-главасынын экинчи сабында "2200000 (эки миллион эки жүз миң)" деген сөздөр "10000000 (он миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.А. Касымалиев
|