Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/4
Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин 11-18-статьяларына ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Таштак айылынын №581-контурдагы 5,0га сугат жер аянтына саркынды сууларды тазалоочу ишкана куруу максатында жерлердин категориясын ѳзгѳртүп берүү жѳнүндѳ 20.01.2025-жыл №01-27/95 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Таштак айылынын №581-контурдагы 5,0га сугат жер аянтына саркынды сууларды тазалоочу ишкана куруу максатында, айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Категориясын ѳзгѳртүүгѳ макулдук берилген 5,0га жер аянтына кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сузак филиалына каттатууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |