Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/5
Жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренеси жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы уюлдук байланышты чагылдырып берүүчү антеналар орнотулган жер тилкелеринин ижара акысын бекитип берүү боюнча 21.01.2025-жыл №01-15/117 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагында, уюлдук байланышты чагылдырып берүүчү антеналар орнотулган жер тилкелерине, ай сайын 10 (он) миң сом ѳлчѳмүндѳ ижара акысы бекитилсин.
2. Уюлдук байланышты чагылдырып берүүчү антеналар орнотулган жер тилкелерине ижара акысын жыйноодо ушул токтомдун жана мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып барууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И.Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |