Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/26
01.01.2025-ж.карата атайын каражаттагы 408,9 миң сом
бош калдыкты бөлүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Нарзан айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысынын сөзүн угуп, бош калдыкты бөлүштүрүүнү талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 01.01.2025 –ж. бош калдыкты төмөнкү бөлүмдөргө жана беренелерге жиберилсин:
Бөлүм | Берене
аталышы | Берене
коду | 2025-ж. бекитилген | Квартал
боюнча
1-квартал |
70911
“Мектепке чейинки билим берүү” | Тамак – аш
сатып алуу | 22181100 | 98 100 | 98 100 |
70911
“Мектепке чейинки билим берүү” | Чарба материалдарын сатып алуу | 22221200 | 310 800 | 310 800 |
| Баардыгы : |
| 408 900 | 408 900 |
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаев тарабынан 2025-жылга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы белгиленген мыйзамдуу тартипте каралсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |