Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/8
Жерди муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин статьяларына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын беренелерне ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Кыр-Жол айылындагы 30 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчике алуу жѳнүндѳ 14.01.2025-жыл №01-27/56 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Кыр-Жол айылындагы 30 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчике алынсын.
2. Муниципалдык менчике алынган 30 чарчы метр жер аянтына кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сузак филиалына каттатууну Барпы айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С. Назаровго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү жер жана суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А. Жолдубаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |