Редакцияот 30.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-январы № 2768-VII

 

"2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-январындагы чыг. № 15-276) "2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев