Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-февралы № 67
Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу жана каза болгон жарандарды көмүү, мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу маселесин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн милдеттерине жана функцияларына ылайык ушул токтомдун талаптарын аткарууну камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |