Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/16
Жер аянтын мамлекеттик менчике ѳткѳрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18,25-статьяларына, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын сунуш каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн Чокмор айылындагы, Бишкек-Ош автожолунун боюндагы №357,358 контурундагы курулуп бүткѳн тѳрѳт үйү жана жаш ымыркайлар ооруканасы салынган муниципалдык менчиктеги 3,0га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин балансына ѳткѳрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине, муниципалдык 3,0га жер аянтын ѳткѳрүп берүүдѳ керектелүүчү иш кагаздарын даярдоону жана ѳткѳрүп берүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С. Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |