Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/17
Билим берүү уюмдарынын ысымдарын ѳзгѳртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы «Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө» № 244 токтомуна ылайык, Барпы айыл аймагында жайгашкан №104 «Х. Халдаров» атындагы жалпы билим берүү негизги мектеп мекемесинин 14.01.2025-жыл №2 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл ѳкмѳтүнүн, Жар-Кыштак айылында жайгашкан №104 «Х.Халдаров» атындагы жалпы билим берүү негизги мектеп мекемесинин жааматык жыйынынын №1-протоколуна ылайык, №104 «Х. Халдаров» атындагы жалпы билим берүү негизги мектеп мекемесинин аталышы «Абдыкерим Сыдыков» атындагы жалпы билим берүү негизги мектеп мекемеси болуп ѳзгѳртүлсүн.
2. «Абдыкерим Сыдыков» атындагы жалпы билим берүү негизги мектеп мекемеси болуп ѳзгѳртүүгѳ кетүүчү иш кагаздарын даярдоону жана Сузак райндук билим берүү бѳлүмүнѳ сунуш берүүнү Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировго жүктѳлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, социалдык маселелер билим берүү, спорт жана жаштар менен иштѳѳ боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Зайнабидиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |