Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
II сессиясынын
2025-жыл 24-январындагы №2/2
2025-2027-жылдарга карата Барпы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндѳ” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Барпы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы И. Маматсабировдун, 22.01.2025-жылдагы №01-15/003 сандуу каты менен жергиликтүү кеңештин депутаттары таанышып, угуп, талкуулап тѳмѳндѳгүчѳ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2027-жылдарга карата Барпы айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык беткитилсин.
2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Барпы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы И. Маматсабировго тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзѳмөлдөөнү, Бюджет, каржы жана экономика меселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Д.Темирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
У.А. Абдыкулов |
Бекитилди
Барпы айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2025-жылдын 24-январындагы № 2/2 токтому менен
Барпы айыл аймагынын 2025-2027-жылдарга
СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК
ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ