Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-февралы №46
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кипр Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кипр тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеўеши кабыл алган
|
| 2025-жылдын 30-январында
|