Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/24
Нарзан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы,
2025-жылга бюджеттин бекитилиши
жана 2026-2027-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Нарзан айыл өкмөтүнүн СЭӨБ 2025жылга сметасын угуп, Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын/бекитилишин талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын Нарзан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышы бекитилсин:
- кирешелер боюнча 180 014,1 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп бонча -16 178,8 миң сом,
- чыгашалар боюнча -168 236,5 миң сом,анын ичинде атайын эсеп боюнча – 14 795,1 миң сом.
Анын ичинде: 2024 жылдын 6 ай ичинде өзгөрүү: - 500,0 миң сом, 2024жылдын 9 айдын ичинде өзгөрүү - 3 953,6 миң сом, "Нарзан Жылуулук" МИсине субсидия - 20 325,0 миң сом, айыл чарба багытындагы жер салыгынын түшүүсү - 2085,0 миң сом, бюджет боюнча киреше бөлүгү боюнча пландын көбөйүшү – 4 420,0 миң сом, "Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө" боюнча пландын көбөйүшү - 4 000,0 миң сом, максаттуу трансферт – 430,4 миң сом.
2. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын Нарзан айыл өкмөтү тарабынан каралган 2025-жылга бюджети бекитилсин:
- кирешелер боюнча – 175 399,5 миң сом;
- чыгашалар боюнча -175 399,5 миң сом, анын ичинде атайын каражаты – 20 716,8 миң сом.
3. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын Нарзан айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1- Тиркемеге ылайык кирешелердин булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4. 2026-жылга бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын болжолу 188 645,6 миң сом, анын ичинде атайын каражаты 20 716,8 миң сом, 2027 - жылга - 205 449,7 миң сом, анын ичинде атайын каражат 20 716,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Нарзан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга - 175 399,5 миң сом суммасында чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, ал эми биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фонд, тамак-аш азыктары, дары-дармек каражаттары, социалдык жөлөк пулдар жана төлөмдөр) аткарыла тургандыгы №2- Тиркемеге ылайык белгиленсин.
6. Нарзан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 2025- жылга карата штаттык бирдик боюнча эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылы 7- февралдагы №52 токтому менен бекитилген КТП,ТТП эске алуу менен 18 адам өлчөмүндө белгиленсин, №3- тиркеме.
7. Нарзан айылдык кеңешинин төрагасынын жана жооптуу катчысынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020–жылдагы №64 Токтому менен бекитилген штаттык бирдикке №4 –Тиркеме ылайык төлөнсүн.
8. Нарзан айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелер үчүн 2025-жылга чыгымдардын сметасын мыйзамда белгиленген тартипте карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык 2025-жылы Нарзан айыл өкмөтү укуктуу:
-чыгашалардын экономикалык классификациясынын статьяларынын ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө.
10. Бөлүмдөр боюнча чыгымдар:
- “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” – 20 384,9 миң сом, анын ичинде 3 032,0 миң сом – резервдик фонд, №5- Тиркемеге ылайык.
- “Айылдык кеңеш” – 1 568,0 миң сом ,№6- Тиркемеге ылайык
- “Граждандык коргонуу” – 668,8 миң сом, №7 – Тиркемеге ылайык
- “Айыл чарбасы”– 1500,0 миң сом, №8 – Тиркемеге ылайык
- “Жайыт комитети “ – 293,7 миң сом, №9 – Тиркемеге ылайык
- “ Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 20 000,0 миң сом, №10-Тиркемеге
- “Турак–жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” – 50 373,3 миң сом, №11 – Тиркемеге ылайык
- “Клубдар” – 1 613,4миң сом, №12- Тиркемеге ылайык
- “Маданият боюнча иш -чаралар” – 2 500,0 миң сом, №13 – Тиркемеге ылайык
- “Башка категорияларга таандык кылынбаган эс алуу, СМД” – 220,7 тыс.сом, №14- Тиркемеге ылайык
- “Мектепке чейинки билим берүү” – 11 957.7 миң сом ,№15 – Тиркемеге ылайык
- “Орто билим берүү” – 29 260,2 миң сом, №16- Тиркемеге ылайык
- “Социалдык коргоо” – 13 682,4 миң сом, №17 – Тиркемеге ылайык
- “Библиотека” - 659,6 миң сом, №18 - Тиркемеге ылайык.
11.Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022- жылдагы №266 Жарлыгынын 4 - пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын 04.08.2004ж Эмгек Кодексинин 151-беренесине ылайык, жумуштун татаалдыгы жана чоң көлөмү үчүн ай сайын айлык акыга (7040*2) өлчөмүндө кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылсын, өргүүгө чыкканда, материалдык жардамга, эмгекке жарамсыздык баракчасына эсептелинбейт.
12. Зарылчылыкка байланыштуу объекттерди “курулуш” же “реконструкциялоо” ремонтторун жүргүзүүдө техникалык көзөмөлчү кызматы каралсын.
13. Зарылчылыкка байланыштуу Нарзан айыл өкмөтүнө от жагуучу кызматына 1 штаттык бирдик, Ак-Суу айылындагы китепканага 1 штаттык бирдиги 7040 сом айына айлык маяна каралсын, салыктарын эсептегенде.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтумунун 2-б. №3-Тиркемеге ылайык Нарзан айыл өкмөтүнө 1 бирдик нөөмөтчү автоунаасы калкты тейлөө үчүн бекитилсин жана айына бюджеттен 300 литр күйүүчү май менен камсыз кылынсын.
15. Зарылчылыкка байланыштуу Кош–Дөбө айылындагы клубга 0,5 штаттык бирдик клуб башчысына, 1 штаттык бирдик техничка, 2 штаттык бирдиги кароолчулар, 0,5 ставкасы менен чыгармачылык жетекчи, “Кызыл Октябрь” клубуна 1 штаттык бирдик клуб башчысына, 2 штаттык бирдиги кароолчулар, 1 штаттык бирдик техничка, Ак -Суу айылындагы клубга 0,5 штаттык бирдиги менен 2 кароолчу белгиленсин. Ак- Суу айылындагы 2 китепканага 2 штаттык бирдиги менен китепканачылар белгиленсин. Эмгек акылары штаттык негизде.
16. Сметалык документтерди түзүү, текшерүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү аткаруучуга түзүлгөн сметаларга ылайык жүргүзүлсүн.
17. Чарбалык китепчелердеги жазууларды тактоо үчүн малды, үй канаттууларын кайра эсептөө үчүн ар бир үйгө 40(кырк) сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
18. Аппарат кызматкерлерин окууга жиберүүгө каражат каралсын (мамлекеттик сатып алуулар үчүн ж.б.).
19. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаев тарабынан 2025-жылга бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы белгиленген мыйзамдуу тартипте каралсын.
20. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
21.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |