Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/23
Ак-Суу, Беловодское айылдарындагы ички каттам АДСК-
Спецкомендатура багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча
тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Беловодское жана Ак-Суу айылдарындагы ички каттам АДСК - Спецкомендатура багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи - 20сом бекитилсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |