Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/22
“Кеңештин карамагында маселелерди кароо жана даярдоо,
Нарзан айылдык кенешинин туруктуу комиссияларды жоюу/түзүү жөнүндө”
16.12.2024-ж. №09 Токтомунун Тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, С.У. Дунгановдун жана туруктуу комиссиянын мүчөсү Умутбеков Э.У, арызын угуп, ачык добуш берүү/ өткөрүү менен, жыйынтыгын талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Умутбеков Эмир Умутбекович чыгарылсын.
2. Москва районунун Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына Дунганов Совхозбек Уйчиевич киргизилсин.
3. “Кеңештин карамагында маселелерди кароо жана даярдоо, Нарзан айылдык кенешинин туруктуу комиссияларды жоюу/түзүү жөнүндө” 16.12.2024-ж. №09 Токтомунун №1 Тиркемесине 2 абзац 6-пунктунундагы сөздөр “Умутбеков Э.У” - “Дунганов С.У" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Т.К. Кулжанов |