Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-февралы № 76
Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында аралыктан билим берүү технологияларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген кесиптердин жана адистиктердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде жана уюмдаштыруучулардын каражаттары менен түзүлгөн билим берүү уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-октябрындагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 354 "Аралыктан билим берүү технологиясын колдонууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернат формасында алууга жол берилбеген адистиктердин жана кесиптердин ТИЗМЕСИ
Бүтүрүүчүгө "бакалавр" жана "магистр" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
№ | Коду | Бакалаврларды, магистрлерди даярдоо багыттарынын аталышы | Жогорку кесиптик билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары | |
Бакалавр | Магистр | |||
Физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика | ||||
1 | 510100 | Математика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
2 | 510200 | Колдонмо математика жана информатика | Экстернат | Сырттан, экстернат |
3 | 510300 | Маалыматтык технологиялар | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
4 | 510400 | Физика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
5 | 510500 | Радиофизика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
6 | 510600 | Фундаменталдык информатика жана информациялык технологиялар | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
7 | 510700 | Математикалык камсыздоо жана маалыматтык системаларды администрациялоо | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Табигый илимдер | |||
8 | 520100 | Химия | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
9 | 520200 | Биология | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
10 | 520300 | Геология | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
11 | 520400 | География | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
12 | 520500 | Картография жана геоинформатика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
13 | 520600 | Гидрометеорология | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
14 | 520700 | Топурак изилдөө | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Экстернат |
15 | 520800 | Экология жана жаратылышты пайдалануу | Экстернат | Экстернат |
16 | 520900 | Биоэкология | Экстернат | Экстернат |
| Гуманитардык илимдер | |||
17 | 530100 | Философия | Экстернат | Сырттан, экстернат |
18 | 530200 | Политология | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
19 | 530300 | Психология | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
20 | 530400 | Тарых | Экстернат | Сырттан, экстернат |
21 | 530500 | Юриспруденция | Экстернат | Экстернат |
22 | 530600 | Журналистика | Экстернат | Экстернат |
23 | 530700 | Жарнама жана коомчулук менен байланыштар | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
24 | 530800 | Эл аралык мамилелер | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
25 | 530900 | Чыгыш таануу, африканистика | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
26 | 531000 | Филология | Экстернат | Экстернат |
27 | 531100 | Лингвистика | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
28 | 531200 | Компьютердик лингвистика | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
29 | 531300 | Маданият таануу | Экстернат | Экстернат |
30 | 531400 | Дин таануу | Экстернат | Сырттан, экстернат |
31 | 531500 | Регион таануу | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
32 | 531600 | Теология | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
33 | 531700 | Америка таануу | Экстернат | Экстернат |
34 | 531800 | Европа таануу | Экстернат | Экстернат |
35 | 531900 | Антропология | Экстернат | Экстернат |
36 | 532000 | Дене тарбия | Экстернат | Экстернат |
37 | 532100 | Рекреация жана спорттук-ден соолук чыңдоо туризми | Экстернат | Экстернат |
38 | 532200 | Укук коргоо иши | Экстернат | Экстернат |
39 | 532300 | Кытай таануу | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
40 | 532400 | Эркин искусство жана илимдер | Сырттан | Сырттан |
| Социалдык илимдер | |||
41 | 540100 | Социология |
| Экстернат |
42 | 540200 | Социалдык иштер |
| Экстернат |
43 | 540300 | Жаштар менен иштөөнү уюштуруу | Экстернат | Экстернат |
| Педагогикалык билим берүү | |||
44 | 550100 | Табигый-илимий билим берүү | Экстернат | Экстернат |
45 | 550200 | Физика-математикалык билим берүү | Экстернат | Экстернат |
46 | 550500 | Технологиялык билим берүү | Экстернат | Экстернат |
47 | 550700 | Педагогика | Экстернат | Экстернат |
48 | 550800 | Кесиптик билим берүү | Экстернат | Экстернат |
| Саламаттык сактоо | |||
49 | 560100 | Коомдук саламаттык сактоо | Сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
| Маданият жана искусство | |||
50 | 570100 | Искусстволордун тарыхы жана теориясы | Экстернат | Экстернат |
51 | 570200 | Музыка искусствосу | Экстернат | Экстернат |
52 | 570300 | Театр искусствосу | Экстернат | Экстернат |
53 | 570400 | Дизайн | Экстернат | Экстернат |
54 | 570500 | Көркөм сүрөт искусствосу | Экстернат | Экстернат |
55 | 570600 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү | Экстернат | Экстернат |
56 | 570700 | Костюм жана текстиль искусствосу | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
57 | 570800 | Басма иштери | Экстернат | Экстернат |
58 | 570900 | Реставрация | Экстернат | Экстернат |
59 | 571000 | Элдик көркөм маданият | Экстернат | Экстернат |
60 | 571100 | Телекөрсөтүү | Экстернат | Экстернат |
61 | 571200 | Музеология жана маданий, табигый мурастар объекттерин коргоо | Экстернат | Экстернат |
| Экономика жана башкаруу | |||
62 | 580100 | Экономика | Экстернат | Экстернат |
63 | 580200 | Менеджмент | Экстернат | Экстернат |
64 | 580300 | Коммерция | Экстернат | Экстернат |
65 | 580400 | Соода иши | Экстернат | Экстернат |
66 | 580500 | Бизнес-информатика | Экстернат | Экстернат |
67 | 580800 | Персоналды башкаруу | Экстернат | Экстернат |
68 | 580900 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу | Экстернат | Экстернат |
| Маалыматтык коопсуздук | |||
69 | 590100 | Маалыматтык коопсуздук | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Тейлөө чөйрөсү | |||
70 | 600100 | Сервис | Экстернат | Экстернат |
71 | 600200 | Туризм | Экстернат | Экстернат |
72 | 600300 | Мейманкана иши | Экстернат | Экстернат |
| Айыл чарба | |||
73 | 610100 | Агрохимия жана агрокыртыш таануу | Экстернат | Экстернат |
74 | 610200 | Агрономия | Экстернат | Экстернат |
75 | 610300 | Агроинженерия | Экстернат | Экстернат |
76 | 610400 | Зоотехния | Экстернат | Экстернат |
77 | 610500 | Ветеринария | Экстернат | Сырттан, экстернат |
78 | 610600 | Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы | Экстернат | Экстернат |
79 | 610700 | Балык чарба | Экстернат | Экстернат |
| Геодезия жана жерге жайгаштыруу | |||
80 | 620100 | Геодезия жана аралыктык байкаштыруу | Экстернат | Экстернат |
81 | 620200 | Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар | Экстернат | Экстернат |
| Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү | |||
82 | 630100 | Колдонмо геология | Экстернат | Экстернат |
83 | 630200 | Геологиялык чалгындоо технологиясы | Экстернат | Экстернат |
84 | 630300 | Кен иши | Экстернат | Экстернат |
85 | 630400 | Мунайгаз иши | Экстернат | Экстернат |
| Энергетика жана электр энергетикасы | |||
86 | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы | Экстернат | Экстернат |
87 | 640200 | Электр энергетикасы жана электр техникасы | Экстернат | Экстернат |
| Материал таануу, металлургия жана машина куруу | |||
88 | 650100 | Материал таануу жана материалдар технологиясы | Экстернат | Экстернат |
89 | 650200 | Металлургия | Экстернат | Экстернат |
90 | 650300 | Машина куруу | Экстернат | Сырттан, экстернат |
91 | 650400 | Технологиялык машиналар жана жабдуулар | Экстернат | Сырттан, экстернат |
92 | 650500 | Колдонмо механика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Курал-жарак жана куралдануу системасы | |||
93 | 660100 | Курал-жарак жана куралдануу системасы | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
| Транспорттук техника жана технология | |||
94 | 670100 | Жер бетиндеги транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер | Экстернат | Экстернат |
95 | 670200 | Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу | Экстернат | Экстернат |
96 | 670300 | Транспорттук процесстер технологиясы | Экстернат | Экстернат |
| Прибор куруу | |||
97 | 680100 | Прибор куруу | Экстернат | Экстернат |
98 | 680200 | Биотехникалык системалар жана технологиялар | Экстернат | Экстернат |
| Электроника, радиотехника жана байланыш | |||
99 | 690100 | Электроника жана наноэлектроника | Экстернат | Сырттан, экстернат |
100 | 690200 | Радиотехника | Экстернат | Сырттан, экстернат |
101 | 690300 | Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы | Экстернат | Экстернат |
102 | 690400 | Электрондук каражаттарды конструкциялоо жана технологиясы | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Автоматташтыруу жана башкаруу | |||
103 | 700100 | Системалык талдоо жана башкаруу | Сырттан, экстернат | Экстернат |
104 | 700200 | Техникалык системалардагы башкаруу | Экстернат | Экстернат |
105 | 700300 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштөрдү автоматташтыруу | Экстернат | Экстернат |
106 | 700500 | Мехатроника жана робот техникасы | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
107 | 700600 | Стандартташтыруу, сапатты башкаруу жана метрология | Экстернат | Сырттан, экстернат |
108 | 700700 | Инноватика | Экстернат | Экстернат |
109 | 700800 | Техникалык физика | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар | |||
110 | 710100 | Информатика жана эсептөө техникасы | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
111 | 710200 | Маалыматтык системалар жана технологиялар | Экстернат | Сырттан, экстернат |
112 | 710300 | Колдонмо информатика | Экстернат | Экстернат |
113 | 710400 | Программалык инженерия | Экстернат | Сырттан, экстернат |
114 | 710500 | Интернет-технологиялар жана башкаруу | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
| Химиялык технология жана биотехнология | |||
115 | 720100 | Химиялык технология | Экстернат | Сырттан, экстернат |
116 | 720200 | Биотехнология | Экстернат | Сырттан, экстернат |
117 | 720300 | Химиялык технологияда, мунай химиясында жана биотехнологияда энергия жана ресурс үнөмдөөчү процесстер | Экстернат | Сырттан, экстернат |
| Токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү | |||
118 | 730100 | Токой иши жана ландшафттык курулуш | Экстернат | Экстернат |
119 | 730200 | Жыгач даярдоо жана жыгачты кайра иштетүү өндүрүштөрүнүн технологиясы | Экстернат | Экстернат |
| Азык-түлүк продуктуларынын жана керектөө товарларынын технологиясы жана өндүрүшү | |||
120 | 740100 | Өсүмдүк чийки затынан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү | Экстернат | Экстернат |
121 | 740200 | Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү | Экстернат | Экстернат |
122 | 740300 | Продукциялар технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу | Экстернат | Экстернат |
123 | 740400 | Текстиль өнөр жайынын буюмдарынын технологиясы жана долбоорлоо | Сырттан, экстернат | Экстернат |
124 | 740500 | Материалдарды көркөм иштетүү технологиясы | Сырттан, экстернат | Экстернат |
125 | 740600 | Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы | Экстернат | Экстернат |
126 | 740700 | Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы | Экстернат | Сырттан, экстернат |
| Архитектура жана курулуш | |||
127 | 750100 | Архитектура | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
128 | 750200 | Архитектуралык чөйрөнүн дизайны | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
129 | 750300 | Архитектуралык чөйрөнү реставрациялоо жана реконструкциялоо | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
130 | 750400 | Шаар куруу | Сырттан, экстернат | Сырттан, экстернат |
131 | 750500 | Курулуш | Экстернат | Экстернат |
| Техносфералык коопсуздук, жаратылышты абаттоо жана гидрометеорология | |||
132 | 760100 | Жаратылышты абаттоо жана суу пайдалануу | Экстернат | Экстернат |
133 | 760200 | Колдонмо гидрометеорология | Экстернат | Экстернат |
134 | 760300 | Техносфералык коопсуздук | Экстернат | Экстернат |
| Аскердик билим берүү | |||
135 | 770100 | Мотоаткыч аскерлердин командалык тактикасы | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
Бүтүрүүчүгө "адис" квалификациясын ыйгаруу менен ырасталуучу жогорку кесиптик билимге даярдоонун багыттары
№ | Коду | Адистиктин аталышы | Жогорку кесиптик билим алууга жол берилбеген окутуунун формалары |
Гуманитардык илимдер | |||
136 | 530001 | Клиникалык психология | Сырттан, экстернат |
137 | 530002 | Соттук экспертиза | Сырттан, экстернат |
138 | 530003 | Котормо жана котормо таануу | Сырттан, экстернат |
139 | 530004 | Бажы иши | Экстернат |
| Саламаттык сактоо | ||
140 | 560001 | Дарылоо иши | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
141 | 560002 | Педиатрия | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
142 | 560003 | Медициналык-профилактикалык иш | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
143 | 560004 | Стоматология | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
144 | 560005 | Фармация | Сырттан, экстернат |
145 | 560006 | Медициналык айым иши | Сырттан, экстернат |
| Маданият жана искусство | ||
146 | 570001 | Искусство таануу | Экстернат |
147 | 570002 | Театр таануу | Экстернат |
148 | 570003 | Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы | Экстернат |
149 | 570004 | Музыка таануу | Экстернат |
150 | 570005 | Кино таануу | Экстернат |
151 | 570006 | Кинооператорлук | Сырттан, экстернат |
152 | 570007 | Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы | Экстернат |
153 | 570008 | Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) | Экстернат |
154 | 570009 | Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) | Экстернат |
155 | 570010 | Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча) | Экстернат |
156 | 570011 | Композиция | Экстернат |
157 | 570012 | Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) | Экстернат |
158 | 570013 | Үн режиссурасы (колдонуу тармактары боюнча) | Экстернат |
159 | 570014 | Актердук өнөр | Экстернат |
160 | 570015 | Режиссура (колдонуу тармактары боюнча) | Экстернат |
161 | 570016 | Театралдык-декорациялык искусство | Экстернат |
162 | 570017 | Хореографиялык өнөр | Экстернат |
163 | 570018 | Хореограф режиссурасы | Экстернат |
164 | 570019 | Хореография педагогикасы | Экстернат |
165 | 570020 | Дизайн | Сырттан, экстернат |
166 | 570021 | Интерьер жана жабдуулар | Сырттан, экстернат |
167 | 570022 | Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | Сырттан, экстернат |
168 | 570023 | Монументалдык-декоративдик искусство | Сырттан, экстернат |
169 | 570024 | Живопись | Сырттан, экстернат |
170 | 570025 | Графика | Сырттан, экстернат |
171 | 570026 | Скульптура | Сырттан, экстернат |
172 | 570027 | Адабий чыгармачылык | Экстернат |
173 | 570028 | Элдик көркөм чыгармачылык | Сырттан, экстернат |
174 | 570029 | Социалдык-маданий иш | Экстернат |
175 | 570030 | Китеп иши | Экстернат |
176 | 570031 | Музей иши жана эстеликтерди коргоо | Экстернат |
|
| Маалымат коопсуздугу |
|
177 | 590001 | Маалымат коопсуздугу | Сырттан, экстернат |
| Айыл чарба | ||
178 | 610001 | Ветеринария | Экстернат |
| Геодезия жана жерге жайгаштыруу | ||
179 | 620101 | Колдонмо геодезия | Экстернат |
| Геология, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоо жана иштетүү | ||
180 | 630001 | Колдонмо геология | Экстернат |
181 | 630002 | Геологиялык чалгындоо технологиясы | Экстернат |
182 | 630003 | Тоо-кен иши | Экстернат |
183 | 630004 | Тоо-кен же мунай газ өндүрүшүнүн физикалык процесстери | Күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат |
| Архитектура жана курулуш | ||
184 | 750001 | Темир жолдордун кыймылдуу бөлүгү | Экстернат |
185 | 750002 | Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу | Экстернат |
| Техносфералык коопсуздук | ||
186 | 760001 | Өрт коопсуздугу | Экстернат |