Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 18
Айылдык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34; 40-беренелерине ылайык, жашыруун добуш берүү менен Ак-Башат айылдык кеңештин төрагасын жана төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 3; №3/1 протоколдордун негизинде, айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Рыскулов Изат Супатаевич – Ак-Башат айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.
2. Таштанбеков Кайрат Таштанбекович - Ак-Башат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин өзүмө калтырам.
Төрага |
| И.С. Рыскулов |