Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/21
Нарзан айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын
дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, Төраганын орун басары С.У. Дунгановдун арызын угуп, ачык добуш берүүнү өткөрүп, жыйынтыгын талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айылдык кеңешинин Төрагасынын орун басарлыгына - Умутбеков Эмир Умутбекович ачык добуш берүү менен шайлансын деп табылсын.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Т.К. Кулжанов |