Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/18
Нарзан айыл аймагынын 2024 – жылдагы
социалдык-экономикалык өнүгүү
программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 2-пунктунун 3-бөлүгүн 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарзан айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышынын отчетун угуп жана талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |