Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/17
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
өзүн-өзү башкаруу Союзуна
мүчөлүк акыны бекитүү жөнүндө
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча Туруктуу комиссиясынын корутундусунун угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Союзуна мүчөлүк акыны, айыл аймактын ар бир жашоочусуна 2(эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул жылдын бюджетинен 70000 (жетимиш миң) сом 70111 “Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар” бөлүмүнүн 26211300 беренесине каралсын.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |