Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №21
Каргалык айыл аймагынын 2025-2029-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын 2025-2029-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы алымча -кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жогорудагы кабыл алынган программага ылайык иш алып баруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жалпы аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акуновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Атыкановго тапшырылсын.
1. .
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |