Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №23
“Изоэл” Жоопкерчилиги чектелген коомунун отчетун угуу
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын төрагасы Ясынов Шабдан Болотовичдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Изоэл” Жоопкерчилиги чектелген коомунун маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Казарман айылындагы №2 А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашканасын куруу жана Кара-Суу айылындагы тигүү цехинин курулуш иштери, ошондой эле Казарман Таза-суусунун скважинасын реабилитациялоо долбоорунун келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан, ушул күнгө чейин курулуш иштери толук кандуу бүткөрүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөндөр боюнча курулуш иштерин аяктоо кечеңдетилип жаткандыктан тиешелүү чараларды көрүп, 2025-жылдын 10- январына чейин укук коргоо органдарына кат жиберүү жагы тиешелүү адистерге жана айыл өкмөт башчысы З.Э.Акуновага тапшырылсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” комиссиясынын төрагасы Ш.Б.Ясыновго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |