Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз
V сессиясынын
2024-жыл 30-декабры №27
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 27-декабрындагы № 01-6/984 чыгыш сандуу катын кароо жөнүндө (беренеден беренеге жылдыруу)
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1- пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн маданият тармагынын айылдык клубдун 2111 эмгек акы фонду беренесинен -23,8 миң сом, 2121 социалдык фондусу беренесинен 1,7 миң сом жалпы -25,5 миң сом акча каражатынан пландан кемитүү менен айылдык китепканага 2111 эмгек акы беренесине -23,8 миң сом, 2121 социалдык фондусу беренесине 1,7 миң сом, баардыгы болуп -25,5 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн билим берүү тармагынын (бала бакча), 2212- байланыш каражаттар беренесинен -2,0 миң сомду, 2231 коммуналдык чыгымдар (суу) беренесине -2,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Өзүканова Гүлжан Эсенбековнага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Акунова Зууракан Эсенкановнага жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичке тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И. Токтоболотов |