Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы №3
Айдаркен шаары үчүн Кадамжай райондук ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу долбоорлорго ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын ажыратып берүү жѳнүңдѳ
Айдаркен шаары үчүн сунушталуучу долбоорлор жѳнүндѳ Айдаркен шаардык мэриясынын инвестиция боюнча башкы адиси Н.Касымовдун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши кезектеги 4-сессиянын №4-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “№19 Б. Садыков атындагы орто мектебине пластика терезе орнотуу” долбооруна ѳздүк салым 420 000 (тɵрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
2.“№20 О. Маканов атындагы орто мектебинин аянтчасына асфальт төшөө” долбооруна ѳздүк салым150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3.“Айдаркен шаарынын Кенчилер көчөсүнө асфальт төшөө” долбооруна ѳздүк салым 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
5. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А.Алтымышова |