Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 31-январы № 2
“Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомун жоюу жана муниципалдык ишкана түзүү жѳнүңдѳ
Айдаркен шаардык кеңеши “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомунун 2024-жылдын №24 сандуу сунуш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-мартындагы №64 Акционердик коомдор жөнүндө Мыйзамынын 18,19,20-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 11-январындагы №01-25/6 буйругуна ылайык Айдаркен шаардык кеңеши кезектеги 4-сессиянын №4-протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарындагы “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коому жоюлсун жана муниципалдык ишкана болуп түзүлсүн.
2. Токтомду аткарууга алуу, тийиштүү иш материалдарын мыйзамдаштыруу жагы Айдаркен шаардык мэриясына жана “Коммунальщик-Айдаркен” ачык типтеги акционердик коомуна милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А.А.Алтымышова |