Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү процесстеринин объективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- резюме (электрондук почтаны, СИН жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);";
- 14-пункттун экинчи абзацы, 15-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Административдик бош кызмат ордуна дайындоо мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен, же болбосо мыйзамдарга ылайык ротациялоо тартибинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Бош административдик кызмат ордуна дайындоо бир мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервин жана муктаждыктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
"5. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби
29. Тестирлөө тестирлөөнүн катышуучуларынын кесиптик даярдыгын, квалификациясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билишин объективдүү жана ачык баалоо максатында жүргүзүлөт.
30. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды санап чыгуунун, тесттин мазмунунун стандарттуулугу менен камсыз кылынат.
31. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Тестирлөө компьютерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
32. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдө тесттердин үч түрү колдонулат: негизги тест, предметтик тест жана талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн тестирлөө, алар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин жеке сапаттарын жана кесиптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн ар кандай методдорду жана инструменттерди (логикалык тест, мультипсихометр) колдоно алат.
33. Негизги тест Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары боюнча жалпы билимин баалоону камтыйт.
34. Предметтик тесттер катышуучулардын атайын багыттагы билим деңгээлин аныктоо үчүн тапшырмаларды камтыйт. Тесттердин ушул түрү боюнча тестирлөө кызмат орундардын топторуна, иш чөйрөсүнө жана атайын билимине коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
35. Негизги тестти жана предметтик тестти өтүүдө баллдын жалпы санынын 50 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлерге кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөө этабына катышууга уруксат берилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлерге аңгемелешүүгө катышууга уруксат берилет.
Тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына өткөрүп берилет.
36. Тесттин суроолорун иштеп чыгуу, түзүү жана жаңылоо тиешелүү адистерди тартуу менен мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
37. Тесттеги суроолордун саны, алардын татаалдык даражасы, туура жоопторду баалоо методикасы мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
38. Тестирлөөнү уюштуруу жана жүргүзүү мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ишин баалоо боюнча иштин абалы.
Жумушчу комиссия төмөнкүлөрдү изилдейт:
- кызматчылардын ишин баалоо боюнча материалдарды;
- кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыктары менен макул эместигине байланыштуу кайрылуулардын болушун.";
- 22-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кызматчыларды терс негиздер боюнча бошотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген кабарлоолорду;".
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 27-февралы ПЖ № 70
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы N 43 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кадр саясатын өркүндөтүү, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштетүү процесстеринин объективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 10-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)