Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/16
Нарзан айыл аймагынын 2025 – жылдагы короо жай участокторун,
чарбачылык эмес жерлерин жана калктуу-конуштун пайдалануу
боюнча зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барып, Нарзан айыл өкмөтүнүн салык бөлүмүнүн эсептерин угуп жана талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагы боюнча калктуу конуштун жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн зоналык коэффициент 2025-жылга К-1,5 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Москва районунун Нарзан айыл аймагы боюнча короо жай жана багбанчылык-короо жай участкаларынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн зоналык коэффициент 2025-жылга К-2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жогоруда бекитилген зоналык коэффициенттерди айыл өкмөтүнүн салык бөлүмү тарабынан колдонууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып баруусу тапшырылсын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |