Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана анын иштетүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Фонддун акционери (катышуучусу) катары чыксын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 14 (3670) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |