Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 7/IV
Первомайская көчөсүн Осмоке Султанбеков көчөсүнө өзгөртүүнү кароого макулдук берүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Красная-Речка айылынын тургуну С.О. Султанбекованын арызын карап «Атасы Султанбеков Осмокенин урматына Первомайская көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө» даярдалган маалыматын карап жана талкуулап. Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагынын Красная Речка айылдагы Первомайская кɵчɵсүн Осмоке Султанбеков кɵчɵсүнɵ ɵзгɵртүүнү кароого макулдук берилсин.
2. Бардык материалдар андан ары кароо үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин жоопту катчысына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |