Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/15
Үчүнчү айылдык инвестициялык Долбоордун (COVID-19га жооп берүү
үчүн) – ДФ ПСИ-3) АРИС кошумча каржылоо Долбоорунун алкагында
Нарзан айыл аймагынындагы иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барып, Нарзан айыл аймагында ИК ИАССнын ПСИ-3 ДФ долбоордук иш-чараларын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Үчүнчү айылдык инвестициялык Долбоордун (COVID-19га жооп берүү үчүн) – ДФ ПСИ-3) АРИС кошумча каржылоо Долбоорунун алкагында Нарзан айыл аймагынындагы иши жөнүндө боюнча маалымат №1-Тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.К. Кулжанов |
| № 1 тиркеме |
Маалымат
АРИСтин 2023-2024-жылдары ишке ашырылуучу долбоорлору үчүн.
Нарзан айыл окмоту
1. Ак-Суу шаарындагы №1 жана №4 мектептердин санитардык түйүндөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү. Бардыгы 7357,6 миң сом, АРИСтин салымы 5655,0 миң сом. Айыл өкмөтүнүн салымы 1702,6 миң сом.
2. Ласточка айылынын санитардык түйүндөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү. 3112,8 миң сом АРИС.
3. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу 5400,0 сом АРИС.
АРИСтин жалпы салымы 14167,8 миң сом
ИК ИАСС мүчөсү | Д.К.Курганова |