Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

(Сүлуктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №01-5/23 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2025-жылдын 27-январы №01-5/8

 Сүлүктү шаарынын аймагында кечки саат 21-00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу ( чектөө) киргизүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн 0.12.2024ж. №34-4/2148 сандуу шаар аймагында кечки саат 21-00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу ( чектөө) киргизүү жөнүндөгү токтом кабыл алып берүү жөнүндөгү катын талкуулап чыгып Кыргыз Рспубликасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-12  пуктунун жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин  Регламентинин 2-бөлүмүнүн 14 пунктунун жана Кыргыз Республикасынын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана сатууну мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү” Мыйзамынын 13-беренесинин 2,3 пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаардык кеӊешинин (төртүнчү чакырылышынын) XXV-сессисынын 15.03.2012ж. №147 “Сүлүктү шаарынын аймагындагы соода точкаларында жана коомдук тамактануучу жайларында алкоголдук ичимдиктерин сатуу эрежелери жөнүндө токтому жокко чыгарылсын

2.      Шаар аймагында кечки саат 21-00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу ( чектөө) киргизилсин

3.     Шаардын аймагындагы билим берүү мекемелерине 100 метр аралыктан жакын аймактарда жана медициналык мекемелердин аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюуу салынсын

    1.          Сүлүктү шаардык кеӊешинин кезексиз III сессиясынын 27.01. 2025ж. №01-5/8 сандагы Сүлүктү шаарынын аймагында кечки саат 18-00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу ( чектөө) киргизүү жөнүндө токтомунун 4 пункту жокко чыгарылсын

(Сүлуктү шаардык кенешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №01-5/23 токтомунун редакциясына ылайык)

 

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук  депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана  жергиликтүү жамааттар менен байланыш”  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

Төрага:

 

Б.А.Абдуназаров