Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-августундагы № 145
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 “Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемеси менен толукталсын;
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын коюму төмөнкүлөргө таркатылаары белгиленсин:
49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө түзүлгөн Бишкек шаарындагы жер участокту ижаралоо келишимине;
электрондук форматтагы аукцион аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокту ижаралоо келишимин түзүү укугуна.
3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 145 токтомуна 1-тиркеме |
|
|
|
|
| "Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна 6-тиркеме" |
Экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын КОЮМУ
|
| Ижара акынын коюму (жылына чарчы метр/сом) | ||||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV | XV | XVI | XVII | XVIII | XIX | XX | XXI | ||
1 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода жайлары | 1076,6 | 942,1 | 780,6 | 861,3 | 861,3 | 861,3 | 1076,6 | 699,8 | 699,8 | 699,8 | 780,6 | 538,3 | 699,8 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 538,3 | 538,3 |
2 | Жайкы аянтчалар, алып кетүү үчүн соода аянтчалар, мезгилдик соода үчүн аянтчалар | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,6 | 169,6 | 169,6 | 189,2 | 130,6 | 168,8 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 130,6 | 130,6 |
3 | Чакан кичи базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери | 1305,0 | 1141,9 | 946,1 | 1044,0 | 1044,0 | 1044,0 | 1305,0 | 848,3 | 848,3 | 848,3 | 946,1 | 652,5 | 848,3 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 652,5 | 652,5 |
4 | Мал, тоют базарлары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
5 | Коомдук тамактануу ишканалары | 522,0 | 456,8 | 378,5 | 417,6 | 417,6 | 417,6 | 522,0 | 339,3 | 339,3 | 339,3 | 378,5 | 261,0 | 339,3 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 261,0 | 261,0 |
6 | Мейманканалык иш-аракеттер ишканалары жана оюн иш-аракеттери жана дискотека компьютердик оюн залы | 609,0 | 532,9 | 441,5 | 487,2 | 487,2 | 487,2 | 609,0 | 395,9 | 395,9 | 395,9 | 441,5 | 304,5 | 395,9 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 304,5 | 304,5 |
7 | Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
8 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар | 271,9 | 237,9 | 197,1 | 217,5 | 217,5 | 217,5 | 271,9 | 176,7 | 176,7 | 176,7 | 197,1 | 135,9 | 176,7 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 135,9 | 0,0 |
9 | Автомобилдерге май куюучу станциялар | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
10 | Газ толтуруу пункттары, электр толтуруу пункттары, трансформатордук жана генератордук станциялар | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
11 | Мунай зат базалары, кампа жайлары | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,7 | 169,7 | 169,7 | 189,2 | 130,5 | 169,7 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 130,5 | 130,5 |
12 | Автотоктотмолор, автосервис ишканалары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
13 | Жарнама курулмалары, уюлдук байланыштын базалык станциялары жана мачталары | 3262,5 | 2854,7 | 2365,3 | 2610,0 | 2610,0 | 2610,0 | 3262,5 | 2120,6 | 2120,6 | 2120,6 | 2365,3 | 1631,3 | 2120,6 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 1631,3 | 1631,3 |
14 | Социалдык-маданий-тиричилик объекттери. (маданият борборлору.- ден соолукту чыңдоо комплекстери), мончолор, кир жуучу жайлар, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызматтары, жеке кызмат көрсөтүүлөр, теннис корттору, футбол талаалары, бассейндер, спорт аянтчалары, аялдамалар, аялдама комплекстери, коомдук дааратканалар, окуу корпустарынын имараттары | 130,5 | 114,2 | 94,6 | 104,4 | 104,4 | 104,4 | 130,5 | 84,8 | 84,8 | 84,8 | 94,6 | 65,3 | 84,8 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 65,3 | 65,3 |
15 | Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: аэробекеттер, автобекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери | 78,3 | 68,5 | 56,8 | 62,6 | 62,6 | 62,6 | 78,3 | 50,9 | 50,9 | 50,9 | 56,8 | 39,2 | 50,9 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 39,2 | 39,2 |
16 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары. Тоо-кен ишканаларынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк станциялары, темир жол жана аба транспортунун санитардык-коргоо аймагы, административдик-тиричилик комплекстери, административдик өндүрүш жайлар, типографиялык борборлор | 65,3 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 65,3 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
17 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, тилкелер, күл төгүүчү жайлар, геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-изилдөө, чалгындоо жана изилдөө иштери | 44,0 | 38,0 | 32,0 | 35,0 | 35,0 | 35,0 | 44,0 | 28,0 | 28,0 | 28,0 | 32,0 | 22,0 | 28,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 22,0 | 22,0 |
18 | Аба байланыш жана электр өткөргүч линиялары жана коргоо-спорттук-техникалык уюмдар | 0,9 | 0,8 | 0,6 | 0,7 | 0,7 | 0,7 | 0,9 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
19 | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдар-өспүрүмдөр маданий-спорттук мекемелер | 26,1 | 22,8 | 18,9 | 20,9 | 20,9 | 20,9 | 26,1 | 17,0 | 17,0 | 17,0 | 18,9 | 13,1 | 17,0 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 13,1 | 13,1 |
20 | Айыл чарба өндүрүшүнүн имараттары | 17,4 | 15,2 | 12,6 | 13,9 | 13,9 | 13,9 | 17,4 | 11,3 | 11,3 | 11,3 | 12,6 | 8,7 | 11,3 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 8,7 | 8,7 |
21 | Көп кабаттуу жана аз кабаттуу турак үйлөр, жатаканалар | 217,5 | 190,3 | 157,7 | 174,0 | 174,0 | 174,0 | 217,5 | 141,4 | 141,4 | 141,4 | 157,7 | 108,8 | 141,4 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 108,8 | 108,8 |
22 | Жеке жана кооперативдик гараждар, көрктөндүрүү жана утурумдук тейлөө, транспорттун кирүү жана өтүү жолдору, балдар ойноочу аянтчалар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
23 | Диний мекемелер | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 13,1 | 8,5 | 8,5 | 8,5 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 | 6,5 |
24 | Майыптардын окуу-реабилитациялык борборлору, кайрымдуулук фонддор, калктын корголбогон катмарын колдоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар (жетим балдар, майыптар жана ушул сыяктуулар) | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
25 | Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 |
26 | Бильярд бөлмөлөрү, эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөлөрү, сулуулук салондору, чач тарачтар, фотосалондор | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
27 | Медициналык борборлор | 163,1 | 142,7 | 118,3 | 130,5 | 130,5 | 130,5 | 163,1 | 106,0 | 106,0 | 106,0 | 118,3 | 81,6 | 106,0 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 81,6 | 81,6 |
28 | Мүлк комплекси жана соода-көңүл ачуу комплекстери | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
29 | Чыгармачыл устаканалар, көргөзмө комплекстери жана көркөм галереялар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
30 | Тизмекте көрсөтүлбөгөн объекттер | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
".
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Б. Аденов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 145 токтомуна 2-тиркеме |
|
|
|
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна 5-тиркеме |
Ижара акысын эсептөө үчүн экономикалык зоналардын чектеринин ЧИЙМЕСИ
Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин СҮРӨТТӨЛҮШҮ (түндүк тараптан баштап сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди)
Экономикалык аймактары төмөнкүчө чектелди:
I - Жибек-Жолу проспекти - "Аламүдүн" суусу - М.Горький көчөсү - Ч.Айтматов проспекти - "Ала-Арча" суусу;
II - М.Горький көчөсү - "Аламүдүн" суусу - Ахунбаев көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Новая көчөсү - Ш.Руставели көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ч.Айтматов проспекти;
III - Л.Толстой көчөсү - "Ала-Арча" суусу - Ш.Руставели көчөсү - Новая көчөсү - Орджоникидзе көчөсү - Ахунбаев көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү - Космос көчөсү - Репин көчөсү;
IV - Чоң Чүй каналы - "Ала-Арча" суусу - Л.Толстой көчөсү - Садыгалиев көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Месарош көчөсү;
V - Чоң Чүй каналы - "Аламүдүн" суусу - Жибек-Жолу проспекти - "Ала-Арча" суусу;
VI - Чоң Чүй каналы - Веселая көчөсү - Достоевский көчөсү - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Чоң Чүй каналынын чыгыш бутагы - "Аламүдүн" суусу;
VII - Ахунбаев көчөсү - шаардын түштүк чегине чейин "Аламүдүн" суусу - "Кум-Шагыл" акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол катары (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) - Иманалиев көчөсү - Семетей көчөсү - Д.Садырбаев көчөсү;
VIII - Л.Толстой көчөсү - Репин көчөсү - Космос көчөсү - Д.Садырбаев көчөсүнөн батышка карай Д.Садырбаев көчөсү "Арча-Бешик" конушунун, "Ылдыйкы Орок" конушунун, түштүк-батыш мүрзөнүн аймагын кошо - Муромская көчөсүнүн уландысы - Т.Фрунзе көчөсү;
IХ - Чоң Чүй каналы - Месарош көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - П.Лумумба көчөсү;
X - Түндүк айланма жолу - "Төмөнкү Ала-Арча" айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсүнүн түндүк тарапка уландысы - Баку көчөсү - Чоң Чүй каналы - М.Ганди көчөсү;
XI - Чоң Чүй каналы - канал - Чолпон-Ата көчөсү - Чыгыш Чоң Чүй каналы - буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Достоевский көчөсүнүн уландысы - Достоевский көчөсү - Веселая көчөсү;
XII - Чоң Чүй каналы - "Учкун" кичи районунан батышка карай - Чыгыш Чоң Чүй каналы - Чолпон-Ата көчөсүндөгү канал;
XIII - Чоң Чүй каналы - П.Лумумба көчөсү - Жамгырчинов көчөсү - Садыгалиев көчөсү - батышка карай темир жол линиясы - "Ала-Тоо" конушунун аймагынан батышка карай;
XIV - Түндүк айланма жолу - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) - Чоң Чүй каналы - Баку көчөсү - "Төмөнкү Ала-Арча" айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсү түндүккө карай уландысы;
XV - Түндүк айланма жолу - "Бакай-Ата" конушунан батышка карай - Чоң Чүй каналы - Курманжан Датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI - Чыгыш Чоң Чүй каналы - "Көк-Жар" конушунан батышка карай - аймактын батыш чеги - "Аламүдүн" суусу боюнча;
XVII - Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) - Иманалиев көчөсү - "Кум-Шагыл" акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) - "Аламедин" суусу - "Орто-Алыш" суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай - аймактын батыш чеги - Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII - Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишине чейин темир жол линиясы - Т.Фрунзе көчөсү - "Жылуулукэлектрборбору-2" аймагынан батышка карай Муромская көчөсүнүн уландысы;
XIX - Түндүк айланма жолу - М.Ганди көчөсү - Чоң Чүй каналы - "Бишкексууканалдын" тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX - Түндүк айланма жолунан түндүккө карай;
XXI - Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгынын алкагында Бишкек шаарынын курамына кошулган калктуу пункттардын жерлери.".
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Б. Аденов |