Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 10/IV
Айыл ɵкмɵтүнүн аймагындагы калктуу конуштардан аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн тарифин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында «Нурманбет биримдиги» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.М. Джанызаковдун «Нурманбет айыл аймагынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында таштанды чыгарууга тарифин кабыл алуу жɵнүндɵ» маалыматын карап, талкуулап, ошондой эле зыянсыз жана кирешелүү, ишенимдүүлүк үчүн «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн аймагында калктуу конуштардын аймагынын таштанды чыгаруу үчүн акы киргизилсин.
2. 2024-жылга конуштардын аймагынан таштандыларды чогултуу тарифи ар бир короодон ай сайын 100 сомдон бекитилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана «Нурманбет биримдиги» миниципалдык ишкананын жетекчисине Б.М. Джанызаковка жүктөлсүн
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |