Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 12/IV
Каржы каражаттарын колдонуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жаргылыгына ылайык Красноречка жана Нурманбет айыл аймактарынын бириккенине байланыштуу маалыматты карап жана талкуулап, Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абакировго жана айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык башчысы П.Джумабековага:
- Красноречка жана Нурманбет айыл аймагы биригип жаңы Нурманбет айыл аймагы түзүлгөндүгүнө байланыштуу эки айыл өкмөтүн 2024-жылга карата түзулгөн бюджеттери бириктирилсин;
- Бириктирилген бюджеттик каражаттары 2024-жылга кабыл алынган социалдык-экономикалык планга каралган иш-чара планын аткарууга жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык колдонулсун.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |