Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 13/IV
«Нурманбет биримдиги» ишканасына субсидия берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №54 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин» 51-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагындагы айрым категориялары үчүн жана кызмат кɵрсɵтүүлɵрдүн баасын толук тɵлɵɵгɵ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана мекемелерге тɵмɵнкү эсеп боюнча 1644,4 мин сом субсидия иретинде берилсин:
1.1 Аз камсыз болгон үй бүлɵɵлɵр - 50 түтүн
- мусор - 50*8*100=40000 сом
- суу – 50*6*30*7=63000
1.2 Пенсионерлер - 756 адам
- мусор – 756*8*100=604800 сом
- суу – 756*30*7= 158760 сом
1.3 Майыптар - 425 адам анын ичинен - 66 балдар
- мусор 425*8*100=340000 сом
- суу 425*30*7=89250 сом
1.4 Жайыт жол ондоо 100000 сом
1.5 Социалдык объектер
- мусор 21*100*8=16800 сом
- суу 231758 сом
2. «Нурманбет биримдиги» муниципалдык ишканасына субсидия иретинде үнөмдөлгөн каражаттардан:
- 70111 бөлүмүнүн 2111 статьясынан 1224,3 миң сом
- 70111 бөлүмүнүн 2121 статьясынан 14,3 миң сом
- 70629 бөлүмүнүн 2111 статьясынан 346,2 миң сом
- 70629 бөлүмүнүн 2121 статьясынан 59,6 миң сом 70629 бɵлүмүнүн 2512 статьясына 1644,4 мин сом жылдырылсын.
2. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштɵɵдɵгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ɵткɵрүлсүн. Токтомдо кɵрсɵтүлгɵн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысына П.С. Джумабековага жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |