Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 2650-VII
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 30-сентябрындагы чыг. № 18-8681) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин кирешелери ИДПга карата 7,8 пайыз салыштырма салмагы менен, жалпысынан 110263864,7 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 7,6 пайыз салыштырма салмагы менен, жалпысынан 108173827,0 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин профицитинин өлчөмү 2090037,7 миң сом суммасында.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |