Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-декабры № 2652-VII
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 30-сентябрындагы чыг. № 18-8682) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин кирешелери ИДПга карата 7,4 пайыз салыштырма салмагы менен, жалпысынан 120536701,6 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 7,4 пайыз салыштырма салмагы менен, жалпысынан 120470092,1 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин профицитинин өлчөмү 66609,5 миң сом суммасында.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |