Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 14/IV
Үнөмдөлгөн каражатты колдонуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 27-беренесине ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 70111 бөлүгүнүн 2111 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 168,7 миң сом «Таза Суу Турайкан» ИСКААБга айыл өкмөттүн карамагындагы мекемелер таза сууну пайладануу үчүн төмөнкү бөлүмдөргө жылдырылып колдонулсун:
- 70629 ЖКХ бөлүмүнүн 2231 беренесине 18,0 миң сом
- 70911 Балдар бакчасы бөлүмүнүн 2231 беренесине 21,8 миң сом
- 70921 Мектептер бөлүмүнүн 2231 беренесине 128,9 миң сом
2. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 70111 бөлүгүнүн 2111 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 35,5 миң сом жана 70111 бөлүгүнүн 2121 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 30,3 миң сом Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна айыл өкмөттүн карамагындагы мекемелерин дератизациялоо иштерине төмөнкү бөлүмдөргө жылдырылып колдонулсун:
- 70629 ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине 25,0 миң сом
- 70911 Балдар бакчасы бөлүмүнүн 2215 беренесине 18,7миң сом
- 70921 Мектептер бөлүмүнүн 2215 беренесине 22,1 миң сом
3. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 70111 бөлүгүнүн 2121 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 144,8 миң сом жана 70111 бөлүгүнүн 2111 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 33,5 миң сом Нурманбет айылындагы спорт комплекс, «Гүл балалык» балдар бакчасынын, байланыш бөлүмүнүн жана тазалоочу жайларынын мыйзамдаштыруу максатта 70629 бөлүгүнүн 2215 беренесине 178,3 миң сом которулуп колдонулсун.
4. Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн 70111 бөлүгүнүн 2111 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 97,4 миң сом Нурманбет айыл аймагындагы мектептерди жана балдар бакчаларды Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы №209 «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө караштуу мектептерди камсыздандырууга 70921 бөлүгүнүн 2215 беренесине 97,4 мин сом которулуп колдонулсун.
5. 70629 бөлүгүнүн 2215 бересиндеги үнөмдөлгөн каражаттан 20,0 миң сом «Балбан Суу» СПАларына жазгы талаа иштерине ички арыктарды тазалоо иштерине колдонулсун 5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштɵɵдɵгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон ɵткɵрүлсүн. Токтомдо кɵрсɵтүлгɵн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
6. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
7. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук – саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысына П.С. Джумабековага жүктөлсүн.
9. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага | Н.С. Бекбоева |