Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 2542-VII
"2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 29-октябрындагы чыг. № 18-9817) "2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Бишкек шаарындагы үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |