НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-январы №01-3/13
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө
бир катар Жоболорду бекитүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып барып, аймактын жашоо-турмушун камсыз кылуу тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү үчүн бир катар Жоболордун долбоорлорун угуп жана талкуулап, сессия,
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Москва районунун Нарзан айыл аймагынын аймагында колдонулуучу төмөнкү Жоболор тиркемеге ылайык бекитилсин:
1) Нарзан айыл аймагында "Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
2) Нарзан айыл аймагында "Муниципалдык менчикти башкаруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
3) Нарзан айыл аймагында "Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө ;
4) Нарзан айыл аймагында "Калкты ичүүчү суу менен жабдуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
5) Нарзан айыл аймагында "Калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун тартиби жөнүндө;
6) Нарзан айыл аймагында "Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
7) Нарзан айыл аймагында "Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
8) Нарзан айыл аймагында "Көрүстөндөрдүн иштешин жана расымдык кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
9) Нарзан айыл аймагында "Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
10) Нарзан айыл аймагында "Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
11) Нарзан айыл аймагында "Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетууну жана утилдештирууну уюштуруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө";
12) Нарзан айыл аймагында "Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
13) Нарзан айыл аймагында "Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
14) Нарзан айыл аймагында "Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
15) Нарзан айыл аймагында "Жерди пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
16) Нарзан айыл аймагында "Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
17) Нарзан айыл аймагында "Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
18) Нарзан айыл аймагында "Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
19) Нарзан айыл аймагында "Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
20) Нарзан айыл аймагында "Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
21) Нарзан айыл аймагында "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
22) Нарзан айыл аймагында "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
23) Нарзан айыл аймагында "Соттолгондорду кайра социалдаштырууга багытталган жазык-укуктук таасир этүүнүн эркинен ажыратуу жана мажбурлоо чарасы менен байланышпаган жазаларды уюштуруу жана аткаруу жана аларга жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык социалдык жардам көрсөтүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө;
24) Нарзан айыл аймагында "Ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чаралардын өз убагында өткөрүлүшүн камсыздоого көмөк көрсөтүү" жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө.
3. "Беловодск айыл аймагынын аймагында тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу "жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун тартиби жөнүндө" 19.01.24-жылдагы №166 токтому ушул ченемдик укуктук акты кабыл алынгандыгына байланыштуу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы И.Э.Оскомбаевге жүктөлсүн.