КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-ноябры № 2525-VII
Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кароого киргизген Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет (2024-жылдын 15-майындагы чыг. № 18-4006) бекитилсин жана ал канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын 2023-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине квартал сайын жөнөтүп турсун.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |