Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 16/IV
Кошумча штаттык бирдик алуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» 2022-жылдын 1-августу № 433 Токтомуна ылайык Нурманбет айыл аймагына 2 бирдик багбанчы жумушчу алуу максатында Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 2024-жылга карата 70629 ЖКХ бөлүмүнө кошумча бирдик 37,9 миң сомго штаттык жүгүртмө бекилсин.
2. Жогорудагы жумушчулардын айлык маяналары 70629 ЖКХ бөлүмүнөн 2111 статьясынан 33,0 миң сом жана 2121 статьясынан 4,9 миң сом үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен төлөнүп берилсин.
3. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2024-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү планы өзгөртүлүп кабыл алынсын.
4. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
5. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.С. Бекбоева |