Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №01-5/9
Сүлүктү шаардык прокуратырасынын 20.12. 2024ж. №24/144-07-11-7-00853 сандуу Сүлүктү шаардык кеӊешинин 02.02.2024ж. №155 сандуу токтомуна Каршылык билдирүүсү жөнүндө
Сүлүктү шаардык прокуратырасынын 20.12. 2024ж. №24/144-07-11-7-00853 сандуу Сүлүктү шаардык кеӊешинин 02.02.2024ж. №155 сандуу токтомуна Каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5- пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXXI сессиясынын 02.02.2024ж. №155 “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө” токтому жана токтом менен бекитилген Жобосу жокко чыгарылсын.
2. “Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрүн пайдалануу, ижарага берүү жана тескөө тартиби жөнүндө Жобосун” тиешелүү мыйзамдарга жана типтүү Жобого ылайык иштеп чыгуу жана кеӊешке бекитүүгө киргизүү жагы шаардык мэрияга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага:
| Б.А.Абдуназаров |