Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-октябры № 2498-VII
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун мыйзамдуулугун жана директорун шайлоонун легитимдүүлүгүн текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө кайрылуусу тууралуу
Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Коммерциялык эмес уюмдардан Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн жана директорун шайлоонун мыйзамдуулугун жана легитимдүүлүгүн ар тараптуу текшерүү максатында, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин чечиминин негизинде, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун мыйзамдуулугун жана директорун шайлоонун легитимдүүлүгүн текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
1) К.А.Талиева - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
2) М.К.Алиев - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
3) Б.Э.Тентишев - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
4) Н.Я.Алимжанова - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
5) В.К.Раимбачаева - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
6) Б.А.Калпаев - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
7) К.К.Самаков - "Элдик" депутаттык тобунан.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылык болгондо ушул маселе боюнча өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үч айлык мөөнөттө өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |