СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 27-январы №01-5/10
Сүлүктү шаары боюнча 2025-2027-жылдарга мүлк салыгынын турак жай жана турак жай эмес имараттардын салыктарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставкасынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын 13.01.2025ж. №033/25/09/35 чыгыш сандагы Сүлүктү шаары боюнча 2025-2027-жылдарга мүлк салыгынын турак жай жана турак жай эмес имараттардын салыктарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставкасын 4,16 өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4 пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379,380 беренелеринин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаары боюнча 2025-2027-жылдарга мүлк салыгынын турак жай жана турак жай эмес имараттардын салыктарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставкасы 4,16 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага:
| Б.А.Абдуназаров |