Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 17/IV
Нурманбет айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2024-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кайрадан иштелип чыккандыгына байланыштуу Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2024-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кайрадан иштелип чыккандыгына байланыштуу.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.С. Бекбоева |