Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 27-августу №16/7
Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын курууга өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын курууга дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XVI кезексизсессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 4 730 200 (төрт миллион жети жүз отузмиң эки жүз) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы эски кампанын имаратына күнөскана жана өндүрүш кампасын куруу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |