Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-майы № 18/IV
Бекитилген бюджетке ɵзгɵртүү киргизүү жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн түшкөн каражаттарды колдонуу жөнүндө
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн түшкөн каражаттардын пландык киреше жана чыгыша мерчемдерин Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык жана жергиликтүү бюджетке жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №54 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин» 51-беренесинин 1,2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 27-беренесине ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Нурманбет айыл ɵкɵтүнүн 2024-жылга карата түзгɵн бюджеттиндеги Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн түшкөн каражаттардын пландык киреше бɵлүгү 137,0 миң сомго жана чыгыша мерчемдери 70429 бɵлүмүнүн 2215 статьясы 137,0 миң сомго кɵбɵйтүлсүн.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2024-жылы бюджеттик киреше планына келип түшкөн каражаттарды Нурманбет айыл аймагындагы жайыт комитеттерине 100% кайра кайтарып берилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн. 4. Ушул токтом Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын. 5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет комиссиясына жана Нурманбет айыл ɵкмɵтүнүн каржы бɵлүм башчысына П.С. Джумабековага жүктөлсүн.
Төрага | Н.С. Бекбоева |