Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №01-5/18
«Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасын бекитүү боюнча
«Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын 27.01.2025ж. №01-13-15 сандагы «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасын бекитүү жөнүндө каты боюнчашаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27,34-беренелеринин, “Ичүүчү суу жөнүндө “ Мыйзамынын 21 беренеси жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.06. 2024ж. №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө Жобонун 18-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2021-жылдын 10-августундагы IV сессиясынын №15 токтому жана токтом менен бекитилген “Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жокко чыгарылсын
2. «Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасын бекитүү боюнча ( макулдашылган баалардын өлчөмдөрү тиркелет)
3. Лейлек районунун Тогуз булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын Сүлүктү шаарынын таза суу линиясынан колдонуучу ар бир абоненти үчүн 1 жылга таза сууга төлөм 10 000 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифи жана суунун көчөлөргө берилүү графигин массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы шаардык «Шахтер жолу» гезитинин башкы редактору О.Саттаровага жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Матазимовго жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга жана «Сүлүктү - Тазасууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси О. Матазимовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага:
| Б.А.Абдуназаров |
“Белгиленди” Бекитемин Кыргыз Республикасынын Сүлүктү шаардык Экономика жана Коммерция Кеңешинин төрагасы
Министрлигине караштуу _______ Б. Абдуназаров
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 27.01.2025ж.
“Сүлүктү-Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын тазасууну
колдонуу боюнча Прейскуранттык наркы
№ | Кызматтын түрү жана колдонуу нормасы | Өлчөм бирдиги | Суммасы |
1 | Суу эсептегич курал менен 1м3 үчүн таза суунун наркы элге | сом | 9,56 |
2 | Суу эсептегич курал менен бюджеттик мекеме ишканал үчүн 1м3 таза суунун наркы | сом | 44,4 |
3 | Суу эсептегич курал менен өндүрүштүк мекеме ишканалар үчүн 1м3 суунун наркы | сом | 58,82 |
4 | Суу эсептегич курал менен комерциялык жумуштарга пайдалануулар үчүн 1м3 таза суунун наркы | сом | 58,82 |
“Сүлүктү-Тазасууканал” Матазимов О.А
МИнын директору : Курбанов.М
Башкы эсепчи: