Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-январы №01-5/20
“Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 16.12.2024ж. №265 токтомунун негизинде айрым депутаттардын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесинин жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы Абдысаитова Меериниса Айдаралевнанын ордуна шаардык кеӊештин депутаты Мамытова Салия Баважановна киргизилсин;
2. Туруктуу комиссия өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
| Б.А.Абдуназаров |