Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-февралы № 45
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Иорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө венесуэла тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 30-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |